Садыр Жапаров: Кыргызстан жана Венгрия өз ара мамилелердин стратегиялык мүнөзүн тастыктап, аны эң жогорку деңгээлге чыгарды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Венгрия Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбан менен анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.
Анда Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү айтты:
“Урматтуу Премьер-министр мырза,
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,
Айымдар жана мырзалар,
Бүгүн Венгриянын Премьер-министри, урматтуу Виктор Орбан мырзаны, Бишкек шаарында кабыл алуу мен үчүн чоң сыймык жана чексиз кубаныч.
2023-жылдын февралындагы Будапешт шаарына болгон менин расмий сапарымдан кийин жооп иретинде болуп жаткан бул сапар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы бекем жана стратегиялык маанилүү мамилелерди кайрадан тастыктап турат.
Жолугушуунун алкагында биз Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койдук, бул маанилүү документ кыргыз-венгер мамилелерин мындан ары да өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп ишенип турабыз.
Мазмундуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында биз эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин талкууладык, өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык жана регионалдык күн тартиби боюнча пикир алмаштык.
Талкуулардын бардыгы стратегиялык өнөктөштүк, ачыктык жана ишенимдин негизинде өттү, бул көрүнүш биздин бир тууган мамилелерибизди далилдеп турат.
Бүгүнкү макулдашууларга кол коюу биздин ар кандай чөйрөлөрдөгү кызматташтыгыбыздын динамикалуу өнүгүшүнүн айкын көрсөткүчү болуп саналат.
Венгер тарабынын 2025-2027-жылдарга карата «Стипендиум Хунгарикум» программасынын алкагында Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттерин окутууга квоталарды бөлүүнү улантуу чечимине өзгөчө токтолгум келүүдө. Бул чечим биздин бекем достугубуздун символу болуп саналып, элдерибиздин ортосундагы достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн тереңдешине өбөлгө түзөт.
Бул өңүттө, илим жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү эки тараптуу долбоорлорубузду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн өзгөчө канааттануу менен белгилегим келет. Биздин жаш улан-кыздарыбыз боордош Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун жана кызматташтыгынын келечектеги көпүрөсү болот деп ишенем.
Ошондой эле, уставдык капиталы 16 млн доллар болгон Венгер-Кыргыз Өнүктүрүү фондун, анын алкагында конкреттүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилейм.
Биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун натыйжасында биздин мамлекеттер кызматташтыктын келечектүү багыттарында Фонддун ишин кеңейтүү максатында анын уставдык капиталын көбөйтүүгө жетишээрине ишенем.
Эки тараптуу мамилелерибиздин мындан аркы өнүгүүсү абдан позитивдүү болот деп ишеним артам.
Муну менен бирге, Кыргызстанга венгриялык инвесторлордун келишин кубаттайбыз жана экономикалык тармактарда өз ара аракеттенүүгө даярбыз.
Соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө дагы көп иштерди жасашыбыз керек.
Бүгүнкү күндө биз өз ара мамилелерибиздин стратегиялык мүнөзүн дагы бир жолу тастыктадык, аны эң жогорку деңгээлге чыгардык.
Эртең Венгриянын Премьер-министри, урматтуу Виктор Орбан мырза менен бирге Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммитине катышабыз.
Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы жигердүү кызматташтыкты баса белгилегим келет.
Түрк тилдүү мамлекеттер менен достук алакаларын бекемдөө боюнча Венгриянын умтулуусун жогору баалайбыз жана колдойбуз.
Сөзүмдүн жыйынтыгында, урматтуу Виктор Орбан мырза, Сизге биздин элдер менен өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө кошкон жеке салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттик ишиңизге албан ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайм, ал эми Венгриянын боордош элине – тынчтык жана мындан ары гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.
Баарыңыздарга көңүл бурганыңыздарга ыраазычылык билдирем”.