Садыр Жапаров: Кыргызстан Тогону Африкадагы келечектүү өнөктөш катары карайт
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Того Республикасын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолугушуу өткөрдү.
Жогорку даражалуу мейманды тосуп алып, мамлекет башчысы Тогонун министрлер кеңешинин төрагасынын апрель айында Бишкекке жасаган расмий сапары саясий диалогду өнүктүрүүгө жана эки тараптуу кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого зор түрткү бергенин айтты.
Кыргызстан Того Республикасын Африка континентиндеги келечектүү өнөктөш катары карай турганы белгиленди.
Жолугушууда эл аралык аренадагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Садыр Жапаров Тогонун жетекчилигине жана элине Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын колдогону үчүн терең ыраазычылык билдирип, муну өлкөлөр ортосундагы жогорку ишенимдин жана бекем достук мамилелердин айкын далили катары баалады.
Өз кезегинде Того министрлер кеңешинин төрагасы чакыруу жана жылуу кабыл алуу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал Того Республикасы Кыргызстан менен байланыштарды чыңдоого өзгөчө маани берерине жана соода-экономикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолду.
Фор Эссозимна Гнассингбе БУУда жана башка эл аралык аянтчаларда тыгыз координацияны улантуу багыты өзгөрбөй турганын ырастады. Ошондой эле Того Кыргызстандын аймактык жана глобалдык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган конструктивдүү демилгелерин жогору баалай турганын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда кыргыз тарап дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, анын ичинде Африка континентинде туруктуу өнүгүүгө жана стабилдүүлүккө көмөктөшүүгө жигердүү салым кошууга даяр экенин ырастады.