Садыр Жапаров Кыргызстан менен Шри-Ланка курама командаларынын беттешине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Шри-Ланка курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешке барды.

Оюн 2026-жылы өтө турган футбол боюнча Азия Кубогуна (U-23) тандоонун алкагында өттү.

Кыргызстан курамасы Шри-Ланка курамасын 6:0 эсебинде жеңди.

Буга чейин биздин футболчулар «E» тайпасында Палестинаны 2:1 эсебинде жеңип, Өзбекстан менен 2:2 эсебинде тең чыгышкан.

Ошентип, Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-23) тарыхта биринчи жолу Азия Кубогуна жолдомо алды.

Связанный пост