Садыр Жапаров: Кыргызстан БУУда аймактын кызыкчылыгын илгерилетет
Кыргызстан 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып барууда аймактын жалпы кызыкчылыктарын активдүү илгерилетүүгө умтулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан президентинин бейформал жолугушуусунда билдирди.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын талапкерлигин БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө көрсөтүүдө көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Ташкентте кабыл алынган биргелешкен кайрылууну регионалдык тилектештиктин айкын далили деп атады.