Рахмон Борбор Азияда ири мунай иштетүүчү завод куруу демилгесин көтөрдү
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын Чолпон-Ата шаарындагы бейформал консультативдик жолугушуусунда аймакта биргелешкен ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады.
Ал белгилегендей, бул демилге буга чейинки жолугушууларда да көтөрүлгөн. Президент учурда дүйнөлүк жана аймактык энергетикалык рыноктордогу өзгөрүүлөр Борбор Азия өлкөлөрүнө түздөн-түз таасир этерин айтып, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо туруктуу өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири экенин белгиледи.
“Тармактык мамлекеттик ведомстволорго заманбап технологияларды колдонуу менен аймактагы ири мунай иштетүүчү заводду куруу мүмкүнчүлүгүн биргелешип иштеп чыгуу маселесин тапшырууну сунуштайм. Долбоорду ишке ашырууда биринчи кезекте аймактагы өлкөлөрдүн мунай продукцияларына болгон ички муктаждыгы эске алынышы керек”, – деди ал.