Садыр Жапаров Кветта шаарындагы терактка байланыштуу Пакистандын президентине жана премьер-министрине көңүл айтты

 Садыр Жапаров Кветта шаарындагы терактка байланыштуу Пакистандын президентине жана премьер-министрине көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Пакистандын Президенти Асиф Али Зардариге жана өлкөнүн Премьер-министри Шахбаз Шарифке Кветта шаарындагы темир жол вокзалында болгон терактка байланыштуу көңүл айтты.

 

“Пакистандын Кветта шаарында террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Пакистан элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм”, – деп айтылат телеграммада.

Связанный пост