Садыр Жапаров: Курулуш, жол жана тигүү тармагында жумушчу күчү жетишпейт
Кыргызстанда жол куруу, курулуш, тигүү жана кызмат көрсөтүү тармактарында жумушчу күчүнө муктаждык жогору. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, айрым тармактарда жумушчу күчү жетишпегендиктен, Индия, Пакистан, Кытай жана башка коңшу өлкөлөрдөн келген жарандар эмгектенип жатышат.
“Эгерде биздикилер “жумуш жок” деп көчөгө чыгып кыйкырып жатышса, келсин, жумуш беребиз. Курулуш, тигүү, жол куруу жана башка тармактарда иш бар”, – деди Садыр Жапаров.
Президент жумуш орундары тууралуу сөз болгондо жарандар көбүнчө жетекчилик кызматтарды гана түшүнбөшү керектигин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда курулуш, жол салуу, тигүү жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда адистерге жана жумушчуларга суроо-талап бар.
Садыр Жапаров ошондой эле өлкөдө иштеп жаткан чет өлкөлүк жумушчулар тууралуу сөз кылып, курулуш тармагында эмгектенип жаткандардын арасында кытайлыктардан тышкары башка мамлекеттердин жарандары да бар экенин белгиледи.