Садыр Жапаров “Кумтөр Голд Компани” ишканасында алтынды жер астынан казып алуу долбоорун баштап берди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кумтөр Голд Компани» ишканасында алтынды жер астынан казып алуу долбоорун баштады.
Мамлекет башчысы Кумтөр алтын кенинин мамлекеттин менчигине кайтарылышы Кыргызстандын жаңылануу мезгилиндеги өзгөчө маанилүү окуялардын бири болгонун белгиледи.
Ал мындан туура 3 жыл мурда 2022-жылы 23-августта Кумтөрдүн тагдыры Кыргызстан тарапка толук чечилип, 100 пайыз мамлекеттик ишкана деп жарыяланганын баса белгиледи. Ошол тарыхый өзгөчө датанын алдында, Кумтөрдө бүгүн дагы бир олуттуу окуя орун алууда.
«Кумтөр кенинде мындан ары алтынды жер астынан казуу иштерин расмий түрдө баштадык. Кумтөрдө жер астынан алтын казуу долбоорунун ишке берилиши – бул айлана-чөйрөнү, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган мөңгүлөрүбүздү сактап калуудагы эң маанилүү кадам», – деп баса көрсөттү Мамлекет башчысы.
Ал бул иш мындан 20 жыл мурда башталышы керек болчу деп белгиледи, бирок чет элдик компания алтынды жер астынан казгандан көрө, мурдакы бийлик жана коррупциялашкан чиновниктер менен жең ичинен сүйлөшө калып, алтын өндүрүүнү алда канча арзаныраак, жеңилирээк ыкмасын тандап алууну эп көрүп, бардык мөңгүлөрдү талкалашкан.
Ошентип ал мурдакы чиновниктер мамлекеттин эмес, жеке чөнтөктүн кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдү садака чабышканы кара так болуп тарыхта калганын айтты.
«Айтылуу Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнүн дээрлик көп бөлүгүнөн кол жуудук», – деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы Кумтөр мамлекетке кайтарылган күнү дароо жер астынан алтын казуу долбоорун баштагыла деген тапшырманы койгонун белгилеп өттү.
Ошентип, атамекендик адистерибиздин күчү менен, өзүбүздүн аракетибиз менен Кумтөрдө жер астынан алгачкы рудалар казыла баштады.
Бүгүнкү күндө жер астын көздөй 1600 метрдей жер көзөлүп, туннель жасалып, Кумтөр курамы тоннасына 5 граммдан жогору болгон баалуу рудаларды алганы турат.
Жер астынан алтын казуу долбоорунун иштөө мөөнөтү 17 жылга ыйлайыкталып, 147 тонна алтындын геологиялык запасы мамлекеттин балансына коюлду. Баарынан дагы жер астынан алтын казуу долбоору бош тоо тектердин ченемсиз казылышына бөгөт коёт.
«Ачык карьердик ыкма менен казып алууда 1 тонна баалуу руданы алыш үчүн 60 тоннага чейин бош тоо текти казууга туура келет. Бул дүйнөлүк ченем менен алганда абдан көп», – деп ырастады Мамлекет башчысы.
Кумтөрдө жер асты менен бирге, мурда казылып келген карьерлерден ачык ыкма менен дагы алтын өндүрүлө берет. Бирок, акырындык менен жер астынан алтын казуу долбооруна артыкчылык берилет деп белгиледи Президент.
«Кумтөрдүн келечеги алдыда, дагы 40-50 жыл өлкө кызыкчылыгы үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей бермекчи», – деди ал.
Ал ошондой эле салынып жаткан жолдор, мектеп, бала-бакчалар, эмгек акылардын, пенсия-пособиялардын көбөйүшү, аскердик жана башка заманбап техникалардын сатылып алынышы, өлкөдө болуп жаткан жакшы иштердин баарына Кумтөрдөн түшкөн акчалар жумшалып жатканын кошумчалады.
Садыр Жапаров фактыларды келтирди: ишкананын 2021-жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейинки жалпы кирешеси 3 млрд 445 млн АКШ долларын түздү.
Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө эле 891,6 млн доллар төлөндү.
Бул мезгил ичинде жалпысынан 54 тоннадан ашуун алтын өндүрүлдү.
Мурда Кумтөрдү чет өлкөлүк компания иштеткен 28 жыл ичинде дивиденд түрүндө Кыргызстан болгону 100 млн доллар алган. Ал эми акыркы 3 жылда 441 млн доллар дивиденд алынды.
«Жакшылап көңүл бурсаңыздар. 28 жылда 100 млн доллар дивиденд берген болсо, ал эми өзүбүз иштеткенден бери 3 эле жылда 441 млн доллар дивиденд алып жатабыз!», – деди Президент.
Президент жер астынан алтын казуу долбоорунан тышкары, алдында жүз тоннадан ашык алтын бар калдык сактоочу жайды кайра иштетүү башталарын белгиледи. Бул киреше табууга гана эмес, экологиялык коркунучту жоюуга да мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары ал Тоголок кени толук Кумтөргө өткөрүп берилип, анда иш башталганын баса белгилеп айтты. Жангарт аянтындагы геологиялык чалгындоо жумуштуры дагы ийгиликтүү уланууда.
«Кумтөрдөгү, жалпы эле өлкөбүздүн тоо-кен тармагындагы өндүрүш жаңы нукка түштү жана элибиздин бакубат келечеги үчүн экономикалык эң чоң күч болуп берип жатат. Мындан ары калган кен-байлыктарыбыздын баарын сөзсүз түрдө Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштетебиз», – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент мурдакыдай жеке кызыкчылык, чөнтөк кызыкчылык үчүн берип жиберген чиновниктер болсо жазасыз калбайсыңар деп эскертти.
Андан соң Мамлекет башчысы борбордук карьерге барды, ошондой эле ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши менен таанышып чыкты.
Мындан тышкары ал кен ишканасындагы кызматкерлерди тейлөөгө арналган медициналык жабдуулар менен таанышты. Президент ошондой эле жеринде медициналык кароодон өтүп, ден соолугунун абалы жакшы экени тастыкталды.
Соңунда Президент Садыр Жапаровго учурда активдүү иш жүрүп жаткан долбоорлор тааныштырылды. Булар – Тоголок алтын кенин иштетүү, келечектүү Жаңгарт аянтында геологиялык чалгындоо, эски калдыктарды иштетүү долбоору, Балыкчы өткөөл базасын модернизациялоо, оор жүк ташуучу тоо-кен техникаларынан калган мурда колдонулган дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү долбоорлору.