Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

КМШ Мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу “Павловск” музейинде, ал коруктун белгилүү сарай-сейил бак комплекстерин кыдыруу менен башталды, лидерлер “Царское Село” жана Петергофто болушту.

Тааныштыруучу экскурсияга Россиянын Президенти Владимир Путин, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Андан кийин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Константинов сарайына бет алышты.

Россиянын Президенти Владимир Путин куттуктоо сөзүн айтып, Мамлекет башчылары чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келишкени үчүн ыраазычылык билдирди.

Связанный пост