Садыр Жапаров КЭРге болгон иш сапарынын алкагында Пекин шаарына келди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Пекин шаарына келди.
Тяньцзинь шаарында Мамлекет башчысын расмий узатуу аземи болуп өттү, ага кытай тараптын өкүлдөрү катышты.
Садыр Жапаров Кытайдын борборуна ылдам жүрүүчү поезд менен келди. Темир жол бекетинин аянтчасына килем төшөлүп, тосуп алуучулар жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын желектерин кармаган балдар катарга тизилишкен.
Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров 3-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин жана аякташынын 80 жылдыгына арналган Парадга катышат, ошондой эле КПК БК Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү, КПК БК Катчылыгынын Катчысы Цай Ци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.