Садыр Жапаров КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинге Синьюй шаарында өрттөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

 Садыр Жапаров КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинге Синьюй шаарында өрттөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-январда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Синьюй шаарында көп кабаттуу имараттан чыккан өрттөн адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм», – деп айтылат телеграммада.

Связанный пост