Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Президент Садыр Жапаров Президент Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми, боордош казак элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Связанный пост