Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүү жасады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта, Бишкек шаарында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу Касым-Жомарт Кемел уулу,
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,
Айымдар жана мырзалар,
Бүгүн Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын Президенти, урматтуу Касым-Жомарт Кемел уулу Токаев, расмий сапар менен келип олтурат.
Биз жогорку даражалуу мейманыбызды жана казак тарабынын делегациясын Кыргызстанда кабыл алып жатканыбызга абдан кубанычтабыз.
Казакстан биз үчүн жөн эле коңшу гана эмес, орток тарых жана маданият, тилдик жакындык менен өзгөчөлөнүп турган стратегиялык өнөктөшүбүз жана союздашыбыз.
Биз кыргыз-казак боордоштук мамилелерин эң жогору баалап, көп кырдуу кызматташтыгыбызды мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө умтулабыз.
Кыргыз-казак мамилелери дайыма ынак коңшулук жана бир туугандыктын нугунда динамикалуу өнүгүп келүүдө.
Биздин өлкөлөрдүн ортосунда саясий диалог, парламенттер, өкмөттөр жана ведомстволор аралык байланыштар туруктуу өнүгүүдө.
Өз ара сооданын өсүшүнө, инвестицияларды тартууга жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн жагымдуу саясий климат түзүлгөн.
Бүгүн биз урматтуу Касым-Жомарт Кемел уулу менен мазмундуу жана натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.
Биздин төрагалыгыбыздын алдында Жогорку Мамлекеттер аралык кеңештин жетинчи жыйыны өткөрүлүп, анын алкагында буга чейин жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы жөнүндө тиешелүү ведомстволордун маалыматын угуп, кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын аныктадык.
Көңүлүбүздү:
– кыргыз-казак чек арасындагы индустриалдык соода-логистикалык комплексти куруу;
– айыл чарба продукциясын сактоо максатында Алматы облусунда дүң-бөлүштүрүү борборун түзүү;
– «Алматы – Ысык-Көл» автомобиль жолун куруу
сыяктуу биргелешкен долбоорлорго өзгөчө бурдук.
Биз соода көлөмүн көбөйтүү, анын ичинде өз ара соода товарлардын номенклатурасын кеңейтүү, ошондой эле бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкууладык.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча жол картасынын аткарылышын карап чыктык.
Бул максатта 2003-жылдагы өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколуна кол коюлду.
Бул демилгелер ийгиликтүү ишке ашса, соода жүгүртүүлөрүбүз 2030-жылга чейин 3 миллиард АКШ долларга жетет деп ишенебиз.
Ошону менен бирге, транспорт жана коммуникациялар жаатындагы негизги долбоорлор жана аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды рационалдуу пайдалануу маселелери боюнча пикир алмаштык.
Маданият, билим берүү жана илимий байланыштарды чыңдоого өзүнчө көңүл бурдук.
Биз маданий күндөрдү, биргелешкен концерттерди жана фестивалдарды туруктуу түрдө өткөрүү, билим берүү жана спорт тармагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жөнүндө макулдаштык.
Жакында эле өткөрүлгөн «Мейкин Азия» эл аралык музыка фестивалына казакстандык өнөрпоздордун катышуусу маданий байланыштарды өнүктүрүүгө зор салымын кошуп, көрүүчүлөрдө жагымдуу эмоцияларды жаратты.
Мындан тышкары, Бишкек шаарында Казак киносунун күндөрү жана эки өлкөнүн таланттуу жаштарынын катышуусу менен Үчүнчү жаштар форуму ийгиликтүү өткөрүлдү.
Ош мамлекеттик университетинде Казакстандын Лев Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылды.
Бул иш-чаралар аркылуу элдерибиздин достугу жана ынтымагы, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу кызматташтыгы бекемделүүдө.
Ал эми бүгүн менин кымбаттуу кесиптешим, кадырлуу Касым-Жомарт Кемел уулу менен бирге «Кыргыз-казак-достугунун алтын көпүрөсү» аталган залкар инсандарыбыз Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Ауэзовдордун Бишкек калаасындагы монументалдык эстелигинин ачылышына катышканы турабыз.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, учурдагы глобалдык абалдын актуалдуу маселелери, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы иш-аракеттерди координациялоо боюнча да пикир алмаштык.
Көптөгөн негизги маселелер боюнча көз караштарыбыз туура келип, бири-бирибиздин демилгелерибизди колдоп, аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого багытталган биргелешкен аракеттерибизди улантууга даярдыгыбызды билдирдик.
Кымбаттуу достор,
Бүгүн биз кызматташуубуздагы жагымдуу өзгөрүүлөрдү баса белгилеп, стратегиялык өнөктөштүктүгүбүздү жана союздаштыгыбызды жаңы деңгээлге чыгара алдык деп ишенем.
Баарыңарга маалым болгондой, биздин мамлекеттердин тарыхы бир.
Менин оюмча, биздин мамлекеттердин келечеги да бир.
Кыргыз менен казак элдери эзелтеден бери өмүрлөш.
Мурасыбыз, маданиятыбыз жана руханий баалуулуктарыбыз – биздин эң негизги байлыгыбыз, ал эми биздин ынтымагыбыз – боордоштугубуздун ишенимдүү пайдубалы.
Ошондуктан, жалпысынан, кыргыз-казак ынтымагын мындан ары да бекемдөө жөнүндө макулдашууга жетиштик деп өз сөзүмдү жыйынтыктагым келет.
Урматтуу Касым-Жомарт Кемел уулуна жана бир тууган казак делегациясынын мүчөлөрүнө биргелешкен жемиштүү иш үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат”.