Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Худжанд шаарына (Тажикстан Республикасы) иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын борту Худжанд эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Худжанд шаарынын Эл аралык аэропортунда Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлдү, ардак кароол тизилди.

Улуттук кийимчен кыздар Кыргызстандын Президентин тосуп турушту. Андан кийин мамлекет башчылары үчүн кыскача концерттик программа тартууланды.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Мамлекет башчыларынын үч тараптуу саммитин өткөрүү пландаштырылууда, анын негизги максаты Үч өлкөнүн ортосунда мамлекеттик чек аралардын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюу, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө мындан аркы кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Президенттеринин Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлеринин орун басарларынын катышуусу менен онлайн форматта мамлекеттик чек аралар кесилишкен чекитинде орнотулчу стеланын (мемориалдык такта) ачылыш аземине катышат.

Связанный пост