Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Президент Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстан Республикасына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Мамлекет башчысы сапарынын жүрүшүндө “Борбор Азия – Россия” экинчи саммитине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Ошондой эле КМШ мейкиндигинде жана “Борбор Азия – Россия” форматында практикалык өз ара аракеттенүүгө кошумча түрткү берүүгө багытталган бир катар биргелешкен документтерди кароо жана кабыл алуу күтүлүүдө.

Связанный пост