Садыр Жапаров иш сапары менен Минск шаарына барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, иш сапары менен Минск (Беларусь Республикасы) шаарына барды.
Мамлекет башчысынын борту Минск Улуттук аэропортуна конду.
Аэропорттун флагштокторуна ЖККУга кирген мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.
Президент Садыр Жапаровду Беларустун Премьер–министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алды.
Эскерте кетсек, иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.