Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти

 Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Эр-Риядга (Сауд Аравия Королдугу) жасаган иш сапарын аяктап, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Азербайжан Республикасына жөнөп кетти.

 

Баку шаарында 12-ноябрда Мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

 

Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте БУУ КӨАК КОП29 талааларында уюштурулуп жаткан “Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу” иш-чарасында Президент Садыр Жапаров, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Непалдын Президенти Рам Чандра Поуделдин, ошондой эле башка делегациялардын жана эл аралык уюмдардын башчыларынын сүйлөгөн сөздөрү болот. Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт.

 

Расмий делегациянын курамындагылар:

 

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

 

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

 

– Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Максат Мамытканов;

 

– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев;

 

– Президенттин 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова.

Связанный пост