Садыр Жапаров ири курулуш долбоорлорун каржылоо булактарынын бирин белгиледи

 Садыр Жапаров ири курулуш долбоорлорун каржылоо булактарынын бирин белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, IV Элдик Курултайда сүйлөп жатып, өлкөдө ишке ашырылып жаткан масштабдуу курулуш долбоорлорун каржылоо булактары тууралуу суроого жооп берди.

Мамлекет башчысы Өлкөдөгү жүрүп жаткан ири курулуштарга эбегейсиз чоң чыгымдар кетип жатканын, буга байланыштуу мынчалык каражаттар каяктан келүүдө деген суроолор да көп болорун белгиледи.

Мындан улам Президент каржылоо булактарынын негизги багыттарынын бирин мисал келтирди.

“Кумтөр” кенин өзүбүздүн мамлекетке алганыбыздан бери көргөн пайдабыз тууралуу дайыма кеңири сөз болуп келе жатат.
“Кумтөрдөн” быйылкы жылы эле 678 миллион доллар таза киреше көрдүк.

2020-жылга чейин 1 миллион доллар да киреше бербеген “Кыргызалтын” быйылкы жылда 200 миллион долларлык киреше берди.

Мурда жылыга мамлекеттен 300 миллион сомго чейин дотация алып олтурган “Макмал” алтын кени тескерисинче быйыл 670 миллион сом таза кирешеге чыкты.

“Кыргызалтындын” былтыр жаңы ачылган алтын дүкөнү бир жылда 735 миллион сом таза киреше алды.

2021- жылга чейин дайыма чыгашага иштеп, мамлекеттик бюджеттин мойнуна минип дотацияда отурган “Кыргызстан аба жолдору”, “Кыргыз темир жолу” сыяктуу көптөгөн тармактар да кирешеге иштей башташты.

Каражаттар кайсыл жактан түшүүдө деп көптөр кызыккан суроолордун жообу мына ушул тармактарда жатат”, – деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Связанный пост