Садыр Жапаров Индиянын премьерине адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
![Садыр Жапаров Индиянын премьерине адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2024/05/2023-02-06_15-05-53_194484.jpg)
Президент Садыр Жапаров Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында болгон кайгылуу окуяга байланыштуу Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында орун алган трагедиялуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”, – деп айтылат телеграммада.