Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модиге Ахмедабад шаарында жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Индия Республикасынын Ахмедабад шаарындагы авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайгыруу мененкөңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм.
Жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.