Садыр Жапаров Индиянын Кыргызстандагы Элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядавды ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды жана аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.
Эки өлкөнүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик тармактарда кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Элчи Бирендер Сингх Ядав тажрыйбасы мол кесипкөй дипломат катары Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достукту жана өнөктөштүктү чыңдоого олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.
“Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы мамилелер терең маданий жана тарыхый байланыштарга негизделип келет. Биз 2019-жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мүнөзгө жетишкен мамилелерди баалайбыз”, – деп Президент баса белгилеп, Кыргызстан “Борбордук Азия – Индия” диалогунун ишмердүүлүгүн маанилүү деп эсептеп, ал форматтын алкагында жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышууга даяр экенин ырастады.
Өз кезегинде Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.
Ал Кыргызстан менен Индиянын ортосунда ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде соода, инвестиция жана билим берүү тармактарында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи. Бул контекстте ал товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн жана бизнес-байланыштарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Мен сиздерди Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюуңуз менен куттуктайм. Бул келишим эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана биримдикти чыңдоого гана мүмкүндүк бербестен, бүткүл региондо тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө олуттуу салым кошот”, – деди Бирендер Сингх Ядав.