Садыр Жапаров футболдук турнирге катышып, тыныгууларда иш үстүндө
Президент Садыр Жапаров бүгүн салттуу “Мурас” футболдук турнирине катышып жатат.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, мамлекет башчысы оюндардын ортосундагы тыныгууларда иш кагаздары менен иштеп жатат.
Ошону менен бирге мамлекеттик органдардын жетекчилерин кабыл алууда.