Садыр Жапаров Европарламенттин адам укуктары боюнча кичи комитетинин депутаттарын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-февралда, Европа парламентинин адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган депутаттарын кабыл алды.
Кыргызстан менен Европа Бирлиги ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин камсыз кылуу сыяктуу маселелердин кеңири спектри талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан жана Европа Бирлиги эки тараптуу жана аймактык демилгелерди камтыган конструктивдүү жана көп кырдуу кызматташтыкты колдой турганын өзгөчө баса белгиледи. Акыркы жылдары бир катар маанилүү жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана сапарлар болуп өттү, анын ичинде Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Ошол эле учурда президент республика бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын өкүнүч менен белгиледи, бул өзгөчө Европарламенттин Кыргызстандагы кырдаал боюнча кабыл алган резолюцияларында ачык көрүнүп турат.
“Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктары болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун активдүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө жана эл аралык милдеттенмелерди сактоо боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырууда.
Буга байланыштуу аталган резолюцияларды даярдоодо Европа тарап кыргыз тараптан түшүндүрмө же кошумча маалымат сурабаганы таң калтырат”, – деди Садыр Жапаров.
Өз кезегинде Европа парламентинин адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури мамлекет башчысына кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы стратегиялык кызматташтык маанилүү милдет экендигин баса белгиледи. Ал ачык диалогго даяр экендигин ырастап, жолугушуунун жыйынтыгы тараптар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө олуттуу салым кошоорун кошумчалады.
Мунир Сатури Садыр Жапаровду коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча жетишкендиктери менен куттуктады. Ал Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинде Венеция комиссиясынын сунуштамаларын толугу менен аткарып, демократия жана адам укуктарын коргоо принциптерине берилгендигин көрсөтүп жатканын өзгөчө белгилеп өттү.
Ал ошондой эле жарандык коом жана сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Европарламенттин депутаттары “Социал-демократтар” партиясынын мүчөлөрүнүн биринин кармалышына байланыштуу тынчсызданууларын да белгилешти.
Аталган иш боюнча толук маалымат берүү максатында жолугушууга укук коргоо органдарынын жетекчилери чакырылып, алар адам укуктары боюнча кичи комитетинин депутаттарынын суроолоруна кеңири жооп беришти.
Шайлоочуларды сатып алуу иши боюнча маалыматты угуп, Садыр Жапаров Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзүп, Европанын ар бир өлкөсү менен достук жана өнөктөштүк мамилелерге умтуларын белгиледи.
“Айрым саясатчылардын ишмердүүлүгүнө байланышкан майда маселелер кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө тоскоол болбошу керек”, – деп президент баса белгиледи.
Кичи комитеттин төрагасы Мунир Сатури Мамлекет башчысынын пикирин колдоп, тараптардын өз ара аракеттенүүсү айрым партиялардын маселелери менен чектелбеши керектигин айтты. Ал митингдер жана демонстрациялар дүйнө жүзү боюнча өтүп жатканын, бардык жерде саясий ишмерлерди кармоо болуп жатканын кошумчалады. Бирок Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстандын сот инстанциялары кармалгандарга эркиндик берүү менен гумандуулукту көрсөттү.
Европа Бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Ханс Фарнхаммер республиканын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин баса белгиледи. Ал Кыргызстандын министрликтери жана ведомстволору Евробирлик менен кызматташтыкты бекемдөө боюнча олуттуу иштерди аткарып жатканын айтып берди.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, мамлекет башчысы Европа Бирлиги менен диалог Кыргызстан үчүн маанилүү приоритет болуп кала берерин белгиледи. Ал жолугушуу жемиштүү өтүп, конструктивдүү пикир алмашууга өбөлгө түзгөнүнө ишеним билдирди.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле Европа парламентинин депутаттары Кыргызстандагы абал тууралуу өз кесиптештерине жана жалпы эле Европа коомчулугуна объективдүү жана ар тараптуу маалымат жеткирүүгө ишенерин белгиледи.