Садыр Жапаров ЕРӨБ президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту.

Кыргызстан жана ЕРӨБ ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, экономиканын стратегиялык тармактарына инвестицияларды тартуу, биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле жеке секторду колдоо жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн ЕРӨБга ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, банктын колдоосу инфраструктураны модернизациялоого, заманбап технологияларды киргизүүгө жана туруктуу жана экологиялык жактан таза энергияга өтүүгө өбөлгө түзөт.

Садыр Жапаров стратегиялык инфраструктуралык долбоорду – Камбар-Ата ГЭС-1ди курууну колдоого багытталган Донорлорду координациялоо комитетин түзүүдөгү ЕРӨБ ролуна жогору баа берди.

Туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулоонун жүрүшүндө Президент ЕРӨБнын «жашыл» экономика жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо чөйрөсүндөгү артыкчылыктарынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аймактын өлкөлөрү экологиялык маселелерди чечүү, климаттын өзгөрүшүнүн таасирин азайтуу жана жалпы максатка жетүү үчүн аракеттерди бириктирүү боюнча эл аралык каржы институттары менен тыгыз кызматташууга даяр экенин баса көрсөттү.

Ошондой эле жолугушууда суу тармагын реформалоо жана тиешелүү инфраструктураны түзүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчы белгилегендей, белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу максатында бул тармак инфраструктураны жакшыртуу, таза ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана сууну туруктуу башкаруу практикасын жайылтуу үчүн инвестицияга муктаж.

Өз кезегинде Одиль Рено-Бассо ЕРӨБ Кыргызстандагы ири инвесторлордун бири катары каларын баса белгиледи. Ал белгилегендей, кызматташтык башталгандан бери республикага салынган инвестициясынын жалпы көлөмү болжол менен 1 млрд АКШ долларына жеткен.

«Өткөн жылы өлкө экономикасынын реалдуу секторуна инвестицияланган каражат 52 млн АКШ долларын түзгөн. Биз учурда каржылоонун көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. 2024-жылга карата 11 долбоорго кол коюлган. Арасында эң маанилүүсү – энергетика жана ирригация чөйрөсүндө», – деп билдирди ЕРӨБ Президенти.

Мындан тышкары Одиль Рено-Бассо таза ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү долбоору башталганын билдирди. Каржылоо 25 калктуу пунктка берилген жана бул демилгеге жумшалган инвестициялардын жалпы көлөмү 100 млн АКШ долларын түзөт.

Ошондой эле ЕРӨБ Кара-Балта – Чалдыбар унаа жолун реконструкциялоону колдоосу күтүлүүдө. Бул Транскаспий эл аралык каттамына чыгууну камсыз кылат. Каралган каржылоонун бир бөлүгү гранттар түрүндө берилет.

Жолугушуунун соңунда Одиль Рено-Бассо ЕРӨБ мамлекетти өнүктүрүүдө белгиленген артыкчылыктарды толугу менен колдой тургандыгын баса белгилеп, Президент Садыр Жапаровду Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесинин жөнгө салынышы менен куттуктады.

Связанный пост