Садыр Жапаров: Эң башкы милдетим – өнүгүп-өскөн, уул-кыздарыбыз улутубуздун намысын бийик көтөргөн өлкөнү куруу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан “Кыялымдагы Кыргызстан” улуттук жаштар форумунда сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу жаштар, жаш лидерлер!

“Кыялымдагы Кыргызстан” форумунун ардактуу катышуучулары!

Бүгүн дагы бир жакшы жаңылыктын үстүндө – Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңы салынган Кичи аренасынын ачылышында “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумунда кайрадан жүз көрүшүп олтурабыз.

Кичи аренанын ачылышы, аны менен бирге, Кыргызстандын жети дубанындагы жаштарды бүгүнкү майрамы – Жаштар күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти сезе билген, эртеңки келечегибиздин жаратман куруучулары болгон жаштарыбыздын арышы арбый берсин! Бул жерге чогулган өкүлдөр жер-жерлерибиздеги жаштарга менден дубай салам жана куттук айта барыңыздар!

Мындан эки жыл мурун аталган форумдун жыйынында жолугушуп, жаштарды түйшөлткөн бир катар маселелерди талкууга алып, баарлашкан элек. Анда коррупцияга каршы күрөшүү, экономикалык реформаларды ишке ашыруу, жаңы жумуш орундарын түзүү, арзан турак үйлөрдү куруу, энергетикалык көз карандылыктан чыгуу, улуттук биримдигибизди чыңдоо, спортко көңүл буруу боюнча кеңири сөз болгон.

Чынында бул форум – жаштар туш болуп жаткан көйгөйлөрдү жооптуу мамлекеттик органдар менен бирге талкуулап, келечегин аныктап ала турган ыңгайлуу аянтча болуп калды.

Эки жыл мурун талкууга алынган маселелердин бардыгы түп-тамырынан бери баары чечилип кетпесе да, Кудайга шүгүр, аларды акырындап ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер жигердүү жүрүп жатканын жаштар эле эмес, жалпы коомчулук көрүп турат. Маселен, коррупцияга каршы күрөш бир күнгө да тыным алган жок. Жедеп, чырмалышып калган схеманын бырын-чырынын чыгарып, ондогон жылдар бою тамыры тереңдеп кеткен коррупцияны ооздуктоого жетиштик. Эми элдин мүлкүнө, мамлекеттин каражатына көз арткандарга жол бербейбиз.

Мындай учурда жеп-ичкичтик, жемкордук, паракорчулук деген ооруларга каршы тура турган күч – бул жаштар, силер болушуңар керек. Ата Мекенин өз атасын, өз энесин сүйгөндөй сүйүп, ыйык туткан жаш муун өсүп жетилиши мезгилдин талабы болуп калды!

Эки жыл мурун: “Эң негизги маселе – жаңы жумуш орундарын түзүү жана арзан турак жайларды куруу – Кыргызстандын жаштарын эң көп түйшөлткөн көйгөйлөр мына ушулар!”, – дедим эле.

Бул сөзүмдүн өтөөсүнө чыгуу боюнча, буюрса, жигердүү иштер жүрүп жатат. Былтыр Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкө боюнча жүздөн ашык ишкана ишке берилди.

Мына быйыл да жүздөн ашуун ишкана ачып, миңдеген жумуш орундарын түзүүгө жетиштик. Бул процесс мындан ары да улана бермекчи.

Ал эми арзан турак-жай туурасында сөз кыла турган болсок, акыркы эки жылдын ичинде ипотекалык жол менен 5 миңге жакын батирди ээлерине тапшырдык. Ондогон жылдар бою батирлеп жүргөн миңдеген жарандарыбыз четинен үйлүү боло башташты.

Жаштардын үйлүү болуусу – бул жөн гана социалдык маселе эмес, бул ар бир үй-бүлөнүн туруктуулугун, келечекке ишенимин бекемдеген мамлекеттик саясат. Ошондуктан, Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө боюнча 70 миңден ашык батирлүү кабат үйлөрдү куруп жатат.

Бул Кыргызстан тарыхында болуп көрбөгөн масштабдагы программа! Биздин максат – ар бир кыргызстандык өз жеринде, өз үйүндө бакубат турмушта жашоосуна кам көрүү болуп саналат.

Урматтуу достор!

Өткөн форумда сөз болгон өлкөнү энергетикалык көз карандылыктан чыгаруу өтө олуттуу маселелердин бири экенин сиздер жакшы билесиздер. Энергетикага болгон муктаждык бүгүн эле жарала калган маселе эмес. Бул – буга чейинки башаламан башкаруунун кесепети. Жыл сайын бир катар ГЭСтер курулуп, ири ГЭСибиз реконструкциялоодон өтсө дагы энергияга болгон тартыштыкты жаба албай келебиз. Айрыкча, жыл сайын жүздөгөн социалдык обьектилер: ири курулуштар, өндүрүштүк ишканалар салынып, энергосектор мындай өнүгүүнүн темпин кууп жете албай жатат. Бирок, алдыдагы 2-3 жылдын аралыгында электр энергиясына болгон муктаждыкты толук жоюп, ал турсун экспорттой турган өлкөгө айлантууга аракеттенип жатабыз.

Жакынкы жылдары бул багытта ири долбоорлор ишке ашканы турат. Мурда суудан эле электр кубатын алып келген болсок, азыр күндөн, шамалдан энергия алууга багыт алдык.

Урматтуу ини-карындаштар!

Менин эң башкы милдетим – кыялымдагы Кыргызстанды – өнүгүп-өскөн, эли бакубат жашаган, эч кимге көз каранды болбогон, уул-кыздарыбыз улутубуздун намысын бийик көтөргөн өлкөнү куруу!

Бул менин, же менин командамдын гана ой-максаты болбоого тийиш. Бул бүтүндөй кыргыз элинин, айрыкча, өсүп келаткан муундун, жаштардын аруу тилеги болушу абзел! Ага силердин жаштык жигериңер, тоону томкоро турган кайрат-күчүңөр, артка кайтпас демиңер аба-суудай керек экенин туюп-билип турушуңар керек. Өлкө башчысы катары, мен силердин кыялымдагы Кыргызстанды курууга салым кошоруңарга терең ишенем!

Мына ушундай үмүт менен Президент катары мен силерге төмөндөгү маселелерге көңүл бурууга чакырам.

Биринчиси, билим алуу – ар дайым алдыңкы сапта турган негизги маселе. Андыктан, анын агымынан бир мүнөт да калып калууга акыңар жок.

Бүгүн биз өлкөбүздүн билим берүү системасын жаңы заман талабына ылайык келгендей өзгөртүүнүн аракетиндебиз. Биздин максат – жаштардын дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна шарт түзүү. Мына ошондуктан, жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү колдоого өзгөчө көңүл буруудабыз. Илимий изилдөөлөрдү өндүрүш менен тыгыз айкалыштырып, иш жүргүзүү талаптары катуу коюлууда.

Жакшы билесиңер, “Эл үмүтү” долбоорунун чегинде 2022-жылдан бери магистранттардын атагы таш жарган, жүздүн ичине кирген дүйнөлүк окуу жайлардан билим алуусуна көмөктөшүп келебиз. Бүгүнкү күнгө чейин Президенттин фондунун эсебинен 55 студент Оксфорд, Кембридж, Гарвард жана башка дүйнөнүн эң мыкты 100 университеттеринин катарына кирген 38 университетинде билим алып, тиешелүү академиялык даражаларга ээ болушууда. Буга мамлекет тарабынан 265 миллион сомго жакын каражат багытталды. Демек, бул ар бир сомдун артында Кыргызстандын келечеги, элдин үмүтү турат дегенди билдирет.

Аты айтып тургандай, “Эл үмүтү” деген чоң ишеним менен башталган долбоор бүгүн өз жемишин бере баштады. Азыркы учурда ошол бүтүрүүчүлөрдүн жетөө өлкөбүздө – илим, билим тармагында жана мамлекеттик кызматта иштеп жатышат. 12си болсо дүйнөлүк компанияларга орношуп, Кыргызстандын атын даңазалап жүрүшөт. Алар – биздин сыймыгыбыз, жаңы Кыргызстандын жүзү десек болот!

Мындан сырткары 2021-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайына жөнөткөн 22 студентибиз ийгиликтүү аяктап, Мекенине кайтып келишти. Чыгармачыл карлыгачтарыбыз тобу менен улуттук Ош драма театрына ишке орноштурулду. 22 жаш актер-актрисабыздын ар бирине жаңы курулуп бүткөн, заманбап үйдөн батир бердик.

Жаштардын жаңычылдык потенциалын арттыруу жана ишкерчилик жөндөмүн билим берүү чөйрөсүнө аралаштыруу – мамлекеттин илим-билим тармагындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Мына ушул багытта Министрлер Кабинети жаштардын жаңычыл долбоорлору менен стартаптарын колдоого багытталган демилгелерди ишке ашырууда. Натыйжалары жаман эмес. Стартап-долбоорлор боюнча жогорку окуу жайлар арасында өткөн конкурстар биздин өлкөдө да колунан иш келген, таланттуу, жоктон бар кылууга жарамдуу жаштар бар экенин көрсөттү. Алар ойлоп тапкан инновациялык чечимдерди бир гана билим берүү тармагында эмес, өндүрүштө, айыл чарбасында, медицинада колдонууга сунушталды. Албетте, мындай ойлоп табуулар улам кийинкилерге үлгү болуп, шык-жөндөмүн ойготот. Бул жагынан министрликтер тынымсыз иш алып барууга тийиш жана Министрлер Кабинети аны кеңири колдоого алат.

Мындан сырткары, өткөн форумда жаштар уюмун түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Министрлер Кабинетинин токтому менен түзүлгөн “Кыргызстан жаштар кыймылы” тушоосун кесип, иш алып бара баштады. Бүгүнкү күндө статистикалык маалымат боюнча өлкө калкынын 35 %ын жаштар түзөт. Алар – биздин толкуган күчүбүз, тоодой үмүтүбүз! Бул жаштар бир муштумдай биригип, бир максатты көздөп, биримдиктүү иш алып барса, Кыргызстандын өркүндөп-өсүшүнүн локомотиви боло алышат! Мына ошондуктан, бул кыймылга колдоону мындан ары да күчөтүп, ар бир район жана шаарларда аталган кыймылдын өкүлчүлүктөрүн ачуу жана колдоо боюнча бардык жетекчилерге тапшырма берем.

Экинчиси – улуттук биримдик жана өз ара ынтымак. 2024-жылдын 18-декабрында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун кабыл алдык. Андан кабарыңыздар бар. «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөн гана документ эмес, ал – улутубуздун тилин, маданиятын жана биримдигин өнүктүрүүнүн руханий багытын көрсөтүп турган жол карта. Кыскача айтканда, улуттук нарк-насилибизди сактап, улуттук баалуулуктарыбызга таянып, дүйнөлүк бийиктиктерди бардык тараптан багындыруу болуп саналат.

Ааламдашуунун ээ-жаа бербеген агымында улуттук уңгубузду унутуп, адеп-ахлагыбыз, нарк-насилибизден тайып, адашып калбайлы, жаштар. Заманга жараша коомдо, виртуалдык дүйнөдө, социалдык тармактарда жүрүм-турумубузга, сүйлөгөн сөзүбүз менен кылган мамилебизге этият мамиле болушу кажет.

Дал мына ушул ыңгайда жаштардын дем-күчү, Мекенди сүйүүгө болгон ынтызарлыгы, биримдиги менен ынтымагы олуттуу роль ойной турганын эсиңиздерден чыгарбасаңыздар.

Үчүнчүсү – кыргыз экономикасындагы ак илбирс секириги.

Биз, сиздер жакшы билгендей, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын кабыл алганбыз. Анын алкагында алдыбызга өтө чоң дымактуу максаттарды койдук. Өлкөнү индустриялаштыруу, атаандаштыкка туруктуу продукцияларды экспорттоо, Кыргызстандын Кытай, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер, Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосуна транзиттик аянтча, логистикалык түйүн болушуна жетишүү. Ошондой эле айыл чарбасы, туризм, жашыл энергетика – алдыга койгон негизги максаттарыбыздын бири.

Урматтуу достор, аталган Программанын алкагында 2030-жылга карата ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмүн кеминде 30 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү, өлкөнүн алдынкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү сыяктуу чоң максаттарды билими терең, жигердүү, силердей активист жаштар менен бирге ишке ашырабыз деп ишенип турам.

Төртүнчүсү – экология, курчап турган чөйрөнү коргоо, ажайып табиятыбызды көздүн карегиндей сактоо.

Силер жаштар, виртуалдык дүйнөдө эле жашай бере албастыгыбызды жакшы түшүнүшүңөр керек. Биз баарыбыз жаратылыштын бир бөлүгүбүз. Демек, ага аяр мамиле кылбасак, анын кесепети катуу тиет. Мөңгүлөр эрип, суулар азайып, кургакчылык каптап, таза жана сугат сууларынын тартыштыгы көбөйгөнүн көрүп-билип жатасыздар. Сууну, электр энергиясын үнөмдөө, ажайып кооз жаратылышыбызды коргоо, улам кийинки муунга таза табиятты, ага карата болгон улуттук баалуулуктарыбызды өткөрүп берүү ар бириңердин аң сезимиңерде кыттай уюп турушу шарт.

Урматтуу жаштар!

Бүгүнкү форум Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолорго тушташ өтүп жаткандыгына байланыштуу, бир-эки ооз сөз айтып коюуну туура көрүп турам. Өзүңөргө жакшы маалым, буга чейинки саясий тоз-тополоң, митингддер жалаң ушул шайлоолордон улам чыгып келген. Шайлоонун жүрүшүндөгү адилетсиздик, добуштарды каратып туруп эле сатып алуу, “карусель” уюштуруу, элдин пикири менен эсептешпөө, ачык-айкындыкты камсыз кылбоо көндүм эле көрүнүш болчу.

Азыр эми андай болбойт, ага биз чекит койдук! Шайлоо тилкелеринин баарын электрондук эсептөөчү аппараттар менен камсыз кылдык, бир киши бир гана жолу добуш бере алат, ал ачык көрүнүп турат. Добуш сатып алуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу дегенди тыкыр көзөмөлгө алып жатабыз. Ар бир шайлоочунун укугу корголо турган шарттарды түзүп бердик. Мамлекет тарабынан жасала турган иштердин бардыгын жасадык. Эми шайлоочулар абийирин таза кармап, ар-намысына келиши зарыл. Өз добушун арзыбаган тыйынга сатып, кийин бармагын тиштеп жүрбөшү керек. Тилекке каршы, “Кой аксагы менен миң” дегендей, андайлар да чыгат. Бирок, жаштар, Кыргызстандын келечеги үчүн андай жолго барбашыңарды өтүнөм!

Акыркы жылдары жаштардын шайлоого катышуусу солгундап баратканын көрүп жатабыз. Жыйырма күндөн кийин, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланат. Шайлоого баруу – бул жарандык милдет, Мекен алдындагы жоопкерчилик! Ушуну унутпаңыздар. Бул ирет жаштар өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына татыктуу депутаттардын келиши үчүн, дагы беш жылдык келечегибиз үчүн туура тандоо жасап, өз тагдырын өзү чечкен муун катары тарыхка кирет деп бекем ишенем!

Форумдун урматтуу катышуучулары!

Бүгүн биз ачылышын жасап, форум өткөрүп жаткан жаркыраган жаңы имарат жөн гана арена эмес. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 миң орундуу Кичи аренасы эл аралык стандарттарга ылайык курулган, көп функциялуу, универсалдуу жай болуп саналат. Бул жерде спорттук иш-чараларды эле эмес, эл аралык деңгээлдеги турнирлерди, концерттерди жана маданий-массалык иш-чараларды да өткөрүүгө шарттар түзүлгөн.

Учурдан пайдаланып, мына ушундай заманбап жайды куруп берген Бишкек шаарынын мэриясына, демөөрчүлөргө, бардык куруучуларга жана архитекторлорго ыраазычылык билдирем.

Арена бүгүнтөн тартып борбор калаабыздын спорттук жана маданий борборуна айланат. Бирок, эң башкысы, бул жай силер үчүн, жаштар үчүн курулду! Бул аренанын чыныгы ээси, анын деми, анын жашоосу – жаштар, силерсиңер!

Кезинде даңазалуу каганат, улуу дөөлөттөрдү курган, кылымдарды карыткан бай тарыхы бар, миңдеген жылдык тарыхында кыл чайнашкан кыйын кезеңдерден кылычтай суурулуп чыгып келген кыргыз элинин таянаар тоосу, сүйөнөөр зоосу жаштар экенин эсиңерден чыгарбагыла.

Мына ошондуктан, өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүнө чоң жоопкерчилик менен белсенип кирише турган, жаркын Кыргызстанды куруучулары дал ушул силерсиңер деп баса белгилеп айтаар элем.

Учурда жаштар кайсы иш менен алектенбесин, ар бири өлкө экономикасынын көтөрүлүшүнө, элибиздин өсүп-өнүгүшүнө чын ниети менен салым кошууга далалат кылып жатканын жакшы билем.

Бизди алдыга сүрөгөн күч – элдин биримдиги, коомдун ынтымагы жана жаштардын жаратман деми. Жаштарыбыздын билими, акылы, кайрат-күчү, намысы менен биз сөзсүз адилеттүү, күчтүү жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды, “Кыялымдагы Кыргызстанга” курууга жетерибизге бекем ишенем! Ошондуктан жаңы курулган бул аренаны мен “Жаштык” аренасы деп атоону чечтим!

Кыргызстандын намыска бек жаштары ар дайым бар болсун!

“Жаштык” аренасы акжолтой болсун! Кут болсун!

Жаштарга узак жылдар бою кызмат кылып тура берсин!”

Связанный пост