Садыр Жапаров Doppelmayr/Garaventa Group башкармалыгынын төрагасы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Doppelmayr/Garaventa Group башкармалыгынын төрагасы Михаэль Доппельмайер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эске салсак, аталган австрия-швейцариялык топ Чүй облусундагы “Ала-Арча” жаратылыш паркында жана Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластеринде аркан жолун куруу долбоорун ишке ашырууда.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, курулуштун графигин сактоонун жана иштин жогорку сапатын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан объектилер өлкө тургундарын да, чет элдик конокторду да кызыктырган маанилүү туристтик жайларга айланарына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Михаэль Доппельмайер көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, компания Кыргызстан менен кызматташканына сыймыктанарын жана долбоорлорду аткаруунун эл аралык стандарттарга шайкеш жогорку деңгээлин камсыздоого даярдыгын баса белгиледи.

Связанный пост