Садыр Жапаров: Чек араны укуктук жактан бекемдөө – биргелешип өнүгүүгө карай жасалган кадам

Бүгүн, 31-мартта Худжанд шаарынын борбордук стадионунда эл аралык Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү.
Чогулгандардын алдында үч мамлекеттин башчылары – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдер чыгып сүйлөштү.
Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттик чек араны укуктук жактан бекемдөө – бул жөн гана саясий-укуктук процесс эмес, бул деген ынак коңшулукка, туруктуулукка, коопсуздукка жана биргелешип өнүгүүгө карай жасалган маанилүү кадам экенин баса белгиледи.
Ал Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды географиялык абалы гана эмес, жалпы тарыхы, руханий салттары жана эң негизгиси – жалпы келечеги да байланыштырып турганын айтты.
Кыргызстандын Президенти чек ара маселелерин жөнгө салуу акыркы жылдардагы негизги жетишкендиктердин бири болгонуна басым жасады. Саясий эрк жана өз ара ишеним аркылуу өлкөлөрдүн лидерлери бул татаал жана абдан маанилүү маселени жоопкерчилик менен натыйжалуу чече алышты.
“Биздин элдерибиз бейпил турмушта жана ынтымакта жашап, жаратман эмгек менен алектенип, келечекке пландарды түзө алышат. Бул контекстте жаңыланууну, тынчтыкты жана биримдикти символдоштурган Ноорузду чогуу майрамдоо өзгөчө мааниге ээ”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров: “Үч дарак жанаша өсүп, тамыры менен бир жерди көгөртүп, бекемдейт” деген накыл кепти келтирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан бул дарактарга окшош, алардын күчү биримдикте, бутактары келечекке карай тартылып, тамыры болсо достуктун жана ынтымактын топурагын азыктандырат.
Расмий бөлүктөн кийин Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын маданият жана искусство ишмерлеринин катышуусунда салтанат концерт менен уланды.