Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

 

Жолугушуунун алдында Садыр Жапаров БУУнун ардактуу коноктор китебине Уюмга жакшы каалоо-тилектери менен жазуу калтырды.

 

Антониу Гутерриш Мамлекет башчысы менен учурашып жатып, анын Кыргызстанга болгон сапарында көрсөтүлгөн меймандостугу жана жылуу мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Ал Садыр Жапаровду өзүнүн жакын досу деп эсептей турганын айтып, БУУнун эшиги ал үчүн дайыма ачык экенин белгиледи.

 

Башкы катчы ошондой эле Кыргызстан тоо демилгелерин ишке ашыруу боюнча Борбор Азияда өзгөчө орунду ээлеп, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттык долбоорлор чөйрөсүндө лидерлик позицияны ээлөө үчүн олуттуу потенциалы бар экенин айтып өттү.

 

Бул маселелерде Антониу Гутерриш Мамлекет башчысынын жеке аракетин белгилеп, ага Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн чоң түрткү берген Антониу Гутеррештин Кыргызстанга болгон сапарын жылуу эскерерин белгиледи.

 

Мамлекет башчысы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмду кадыр-барктуу жана универсалдуу эл аралык уюм катары тааныйт жана анын ишмердиги мындан ары да тынчтыкты жана бүткүл адамзаттын гүлдөп-өнүгүшүн колдоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат деген ишенимин билдирди.

 

Президент Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн Кыргызстан негизги артыкчылыкты – адамды өнүктүрүүгө негизделген саясатты карманарын айтты. Ал Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча экинчи улуттук ыктыярдуу сереп башталганын маалымдады, ал өлкөнү мындан ары өнүктүрүүгө жана 2030-жылга чейин дүйнөнүн эң мыкты 30 өлкөсүнүн катарына кирүү амбициялуу максатка жетишүүгө багытталган.

 

Мамлекет башчысы мөңгүлөрдүн эриши жана суу ресурстарынын азайышы сыяктуу аймак үчүн климаттык көйгөйлөрдү белгиледи. Ал БУУнун энергонатыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча региондук борборду түзүү демилгесин колдоого чакырып, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө олуттуу салым боло турган мамлекеттик карызды “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу механизмин сунуштады.

 

Муну менен катар Президент Садыр Жапаров тоо күн тартибин илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, БУУну 2027-жылы өтө турган Экинчи “Бишкек+25” глобалдык тоо саммитин даярдоого катышууга жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо үчүн «БУУ-Тоолор» эл аралык платформасын түзүүгө чакырды.

Связанный пост