Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Келечек саммитинде сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечек саммитинде сөз сүйлөдү.

 

Мамлекет башчысынын сөзү:

 

“Урматтуу Башкы катчы мырза,

 

Урматтуу Төрага мырза,

 

Айымдар жана мырзалар,

 

Бүгүн биз дүйнөлүк тарых үчүн эл аралык система кыйынчылыкка туш келип турган маанилүү учурда чогулуп жатабыз.

 

Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда биз көп тараптуу кызматташуунун мурда калыптанган ыкмаларын кайра карап чыгууга жана учурдагы чакырыктар менен гана күрөшпөстөн, келечек муундардын бакубаттуулугу үчүн бекем негизди камсыз кыла турган фундаменталдуу чараларды көрүүгө милдеттүүбүз.

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык катчысы айткандай: “Универсалдуу көйгөйлөр универсалдуу чечимдерди талап кылат”.

 

Келечек Саммити – бул артыкчылыктуу азчылык үчүн гана эмес, бардыгы үчүн иштей турган жаңы глобалдык архитектуранын пайдубалын түптөй турган кайталангыс платформа.

 

Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоодо маанилүү роль ойногон башка эл аралык каржы институттардын өнүктүрүү фонддорун топтоосуна активдүү салым кошууга чакырам.

 

Дал ушул Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана ушул сыяктуу уюмдар жакырчылыкты жоюуга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана глобалдык чакырыктарга туруктуулукту жогорулатууга көмөктөшүп, кирешеси төмөн өлкөлөргө маанилүү жардам көрсөтүп келүүдө.

 

Менин сөздөрүм Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык катчысы тарабынан 2023-жылдын февралында сунушталган “2030 Күн тартибин ишке ашыруу үчүн Туруктуу өнүгүү максаттарын стимулдаштыруу” документине түздөн-түз дал келет, ал негизги иш-чараны камтыйт: карыздын жүгүн азайтуу, узак мөөнөттүү жана жеткиликтүү каржылоону кеңейтүү, ошондой эле кризистерге тез жооп берүү механизмдерин түзүү.

 

Азыркы менен келечектин ортосунда бекем көпүрөлөрдү куруу үчүн биз элдердин ортосундагы байланышты бекемдешибиз керек.

 

Коронавирус пандемиясы кызматташуунун учурдагы механизмдери заманбап чакырыктарга жооп бербей тургандыгын ачык көрсөттү.

 

Ошондуктан Келечек Саммити глобалдык мамилелерди кайра карап чыгуу үчүн маанилүү платформа болуп эсептелет.

 

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулук көптөгөн кыйынчылыктарга туш болууда: аргасыз мигранттардын санынын өсүшү, климаттык коркунучтардын күчөшү, ошондой эле ресурстардын жана байлыктардын адилетсиз бөлүштүрүлүшү.

 

Биз жетишкен ийгиликтер көбүнчө коомдун аялуу катмарларына жетпейт.

 

Көп тараптуу башкаруубуз үчүн адилеттүүлүккө таянган жаңы ыкмалар керек.

 

Ошондуктан тез арада чечкиндүү аракеттерди башташыбыз керек – күтүп олтуруунун убактысы бүттү.

 

Кыргыз Республикасы бул улуу ишке өз салымын кошууга даяр.

 

Биз кабыл алып жаткан Келечек Пактын колдойбуз.

 

Биз ошондой эле Келечек муундар жөнүндө Декларацияны кабыл алууну колдойбуз, анткени дал ошол кийинки муундар биздин бүгүнкү чечимдерибиздин жүгүн өз мойнуна алышат.

 

Туруктуу өнүгүү максаттарынын аткарылышын олуттуу тездетишибиз керек.

 

Биз өтө жакырчылыкты жоюуда, инфраструктураны өнүктүрүүдө жана санариптештирүүдө, ошондой эле “жашыл” экономикага өтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик.

 

Туруктуу өнүгүү максаттарды аткарууда биздин тажрыйбабыз көрсөтүп тургандай, туура көз караш жана саясий эрк менен, чектелген ресурсу бар чакан өлкөлөр да аткара аларын көрсөттү.

 

 

 

Урматтуу саммиттин катышуучулары,

 

 

 

Биз азыр кабыл алган чечимдерибиз бир эмес, бир нече муундун тагдырын аныктайт. Эсиңиздерде болсун: келечек абстракттуу түшүнүк эмес, бул биздин жамааттык жоопкерчилигибиз.

 

Муну биз балдарыбызга, неберелерибизге жана бизден кийинкилердин баарына мурас катары калтырабыз. Бүгүн биз түзүп жаткан дүйнө алардын үмүтүнүн жана кыялдарынын башаты болот.

 

Мен сиздерди, урматтуу лидерлер, өз ара ишенимге, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жана кынтыксыз адилеттүүлүккө негизделген келечектин архитекторлору болууга чакырам.

 

Биз бул жерден чечкиндүү иш-аракетсиз тарап кете албайбыз.

 

Келечек бизден убакытты создуктурбай, тайманбастык менен жана дымактуу иш-аракетке өтүүнү талап кылат.

 

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.

Связанный пост