Садыр Жапаров Будапештте ТМУнун бейформал саммитине катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Венгриянын Будапешт шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты.

Уюмдун байкоочу өлкөсү – Венгрияда биринчи жолу өткөрүлгөн бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Венгрия Европа бирлиги менен түрк дүйнөсүнүн ортосундагы чыныгы көпүрөгө айланганын баса белгиледи.

«Ушундай жолугушууларда, биз биримдиктин жана ишенимдин деми аркылуу өлкөлөрүбүздүн жалпы туруктуу өнүгүүнүн жана элдерибиздин бакубаттуулугунун бекем пайдубалын түптөйбүз.

Будапешт шаарындагы бүгүнкү жолугушуубуз былтыр ноябрь айында өткөн Бишкек саммитинин логикалык уландысы болуп саналат.

«Түрк дүйнөсүн күчтөндүрүү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» деген ураан астында өтүп жаткан учурдагы Кыргызстандын төрагалыгы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыгыбызды бекемдөөгө багытталган», – деди Садыр Жапаров.

Ал республикада бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүү пландары тууралуу маалымдап, Уюмдун катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын Кыргызстандын демилгеси менен күзүндө өткөрүлө турган премьер-министрлердин жана вице-президенттердин жолугушуусуна чакырды.

Мамлекет башчы Кыргызстандын Уюмдун өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү соңку төрт жыл ичинде дээрлик 2 эсеге өскөнүн белгилеп, өлкө экономика, транспорт, энергетика жана санариптештирүү чөйрөлөрүндө биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жигердүү катышууга даяр экенин ырастады.

Садыр Жапаров Санариптик өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун ишке ашырылышы жана Түрк инвестициялык фондунун долбоордук ишмердүүлүгүнүн башталышы кызматташтыкты кыйла бекемдейт деген ишенимин билдирди. Ал оң тажрыйба катары Кыргызстандагы ушуга окшош финансы институттарын: Кыргыз-Азербайжан, Кыргыз-Өзбек жана Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонддорунун ийгиликтүү иштерин белгиледи.

Президент өз сөзүндө ошондой эле инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Ал Кыргызстан жашыл энергетика чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана креативдүү күн тартибин түзүүгө даярдыгын ырастап, аймактын энергетикасында жаңы доорду ача турган стратегиялык долбоорлордун бири Камбар-Ата 1-ГЭСинин курулушунун стратегиялык маанисин баса көрсөттү. Ошондой эле транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын атап, Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жол долбоорун аймактык байланыштарды олуттуу бекемдеп, Кытайдан Европага чейинки аралыкты 900 чакырымга кыскарта турган тарыхый кадам катары белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан тоолуу өлкө катары тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн колдоорун, БУУнун тоолорду өнүктүрүүнүн беш жылдык планын (2023-2027) ишке ашырууга катышып жатканын баса көрсөттү April.

Бул контекстте 2025-жылы Ысык-Көлдө Тоо жаштарынын бүткүл дүйнөлүк фестивалы жана 2027-жылы «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммити өтөөрү тууралуу маалымдап, ТМУ өлкөлөрүн «Тоолуу беш жылдыкты» ишке ашырууга кошулууга чакырды.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин ыйгарым укуктарын узартуу чечимин колдогондугу үчүн катышуучу өлкөлөргө ыраазычылык билдирди, ал мындан ары да жогорку кесипкөйлүгүн жана ишке берилгендигин көрсөтүп, өз милдеттерин натыйжалуу аткара бермекчи.

Соңунда президент Садыр Жапаров ТМУ өлкөлөрүнүн туруктуулукка жана өнүгүүгө болгон жалпы умтулуусун чагылдырган Будапешт декларациясынын маанисин өзгөчө белгиледи. Ал Кыргызстан түрк мамлекеттеринин жакындашуусуна жана гүлдөп-өнүгүүсүнө багытталган күч-аракеттерди жигердүү колдоого даяр экендигин ырастады.

Связанный пост