Садыр Жапаров Бишкекте “Жаштык” аренасын ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн спорттук аренанын ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы объектиге жаңы символикалык – “Жаштык” аталышын ыйгарууну сунуштады.

Буга чейин арена Дөлөн Өмүрзаковдун ысымын алып жүргөн.

Спорт комплекс 5 миң көрүүчүгө ылайыкталып, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан.

Имараттын жалпы аянты 15 миң 342 чарчы метрди түзөт. Бул жертөлөсү бар үч кабаттуу курулуш.

Связанный пост