Садыр Жапаров “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводун ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда Чүй облусунун Москва районунда “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводунун ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы агрардык өлкө саналган Кыргызстанда айыл чарбасы – негизги тармактардын бири экенин белгиледи. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү өлкөбүздүн экономикасында маанилүү роль ойнойт.

“Бул тармак мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, жумуш орундарын түзүп, экспорттун өнүгүшүн шарттайт. Бүгүн биз мына ушул багыттагы жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатыбыздын бир мисалы катары “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү компаниясынын заводунун ачылышында турабыз”, – деди Садыр Жапаров.

Президент алдын ала эсептөөлөр боюнча 2024-жылдын январь-август айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 45,1 млрд сом көлөмүндө тамак-аш азыктары өндүрүлүп, өсүш 120 пайызды түзгөнүн айтып өттү. Бүгүнкү күндө республика аймагында тамак-аш азыктарын өндүрүү багытында 415 ири жана орто ишканалар иш алып барууда. Анын ичинде кайра иштетүүчү завод ачып жаткан “Бай Элим” компаниясы да бар. Жашылча-жемиш консерваларын экспорттоочу бул ишкана ички рынокто да, анын чегинен тышкары да кардарлардын ишенимине ээ болуп келатканы кубандырат.

Садыр Жапаров “Бай Элим” компаниясынын директору Рысгүл Акимжанованын өндүрүшкө жана соодага жаңы прогрессивдүү инновацияларды киргизүү менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн кыйла көбөйтүүгө кошкон салымын белгилей кетти. Буга бүгүнкү айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводдун ачылышы айкын мисал болду.

Бул жагынан алып караганда ал мамлекет ишкерлерге ар дайым ачык, ар тараптан колдоого даяр экендигин дайым айтып келерин баса белгиледи. Тактап айтканда, аталган компаниянын кайра иштетүү өнөр жайын өркүндөтүү боюнча көп функционалдуу консерва заводун куруу демилгесин кубаттап, заводдун курулушуна жер маселеси чечилип берилген.

Мамлекет башчысы бул долбоордун наркы 410 млн сомду түзгөнүн айтып берди. Анын 220 млн сомуна заманбап өндүрүш жабдуулары сатылып алынса, 160 млн сомуна өндүрүш жана кампа жайлары курулган. Ал эми 30 млн сом айыл чарба техникасы жана тамчылатып сугаруу жабдууларына багытталган. Эл аралык стандарттарга ылайык курулган бул көп функционалдуу консерва заводунун кубаттуулугу күнүнө 500-700 тонна айыл чарба өнүмүн кайра иштетүүгө эсептелген.

Садыр Жапаров заводдо 70 адам туруктуу иштесе, сезон маалында 1000ден ашуун жумуш орундарын түзөөрүн канааттануу менен белгиледи. Мындан сырткары, завод үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө тамчылатып сугаруу системасын киргизилип, 9000 куб метр көлөмүндөгү ирригациялык бассейн курулган. Бул албетте, сууну үнөмдөөгө алып келет.

Президент Садыр Жапаров 20 жылдан ашуун тажрыйбага ээ бул компания ачылып жаткан заводдун 70 пайыз продукциясын эл аралык экспортко чыгарууну болжоп жатканын кошумчалады. Ал жогорку сапаттагы экологиялык таза продукцияларды өндүрө турган бул завод Кыргызстанды эл аралык айдыңга таанытууга чоң салым кошот деген ишенимин билдирип, мамлекет кайра иштетүү өнөр жай тармагына абдан чоң көңүл буруп, ар тараптан колдоого даяр экендигин айтты. Себеби кайра иштетүү өнөр жай тармагы – өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин локомотиви.

Связанный пост