Садыр Жапаров Бахрейн Королдугунун Улуттук жыйынынын Консультативдик кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бахрейн Королдугуна болгон расмий сапарынын алкагында Улуттук жыйындын Консультативдик кеңешинин Төрагасы Али бин Салех Аль-Салех менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланып, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашылды.

Президент Садыр Жапаров Бахрейн Кыргызстан үчүн приоритеттүү араб өлкөлөрүнүн бири экенин баса белгиледи.

«Биздин өлкөлөрдү жалпы руханий баалуулуктар бириктирип турат. Бүгүнкү жолугушуу кыргыз-бахрейн парламенттер аралык алакаларын өнүктүрүүгө зор түрткү берет деп ишенем», – деди Мамлекет башчысы жана Кыргызстан Бахрейн Королдугу менен болгон мамилелерди жана кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө умтулуп жатканын баса белгиледи.

Бахрейн Королдугунун Улуттук жыйынынын Консультативдик кеңешинин Төрагасы Али бин Салех Аль-Салех өз кезегинде эки жакты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдарлык билдирди.

«Бахрейн Королдугу, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, аймагында олуттуу эл аралык финансы операциялары жүргүзүлүп жаткан таанылган каржы борбору. Эгерде Кыргыз Республикасы инвестицияларды тартууга жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болсо, сиздер бул жерден зарыл колдоону жана ишенимдүү өнөктөштөрдү таба аласыздар деп ишенем», – деди Али бин Салех Аль-Салех.

Соңунда тараптар Кыргызстан менен Бахрейн ортосундагы кызматташтык мындан ары да өнүгүп, тереңдей берерине ишеним билдиришти.

Связанный пост