Садыр Жапаров Астананын Эгемендүүлүк Сарайында “Борбор Азия – Кытай” Саммитине катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Эгемендүүлүк Сарайында “Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитинин жыйынына катышууда.

Иш-чаранын алдында Мамлекет башчыны Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктаган соң делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.

Связанный пост