Садыр Жапаров АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

 Садыр Жапаров АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар эки жактуу жана көп тараптуу форматтагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан диалогго ачык экенин жана кызматташуу үчүн бир катар келечектүү долбоорлорду сунуштоого даярдыгын баса белгиледи.

АКШ президентинин Глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли өз кезегинде Америка тарап Кыргызстан менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.

Ал туруктуу өнүгүү, экология, инновациялар жана туризм тармактарында биргелешип иштөөнүн келечегин баса белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар өз ара мамилелерди чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өз ара кызыкдарлыгын ырасташты.

Связанный пост