Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды.
Жолугушууда ар тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы жалпы тарыхый мураска, маданиятка, тилге, руханий салттар жана баалуулуктарга негизделген кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин билдирди.
Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.
Өз кезегинде Владимир Норов президент Садыр Жапаровго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёевдин саламын жолдоду.
Ал эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн билдирди.
Анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары, анын уюштуруу-мазмундук бөлүктөрү жана башка маселелер талкууланган.
Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери белгиленди.