Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 18-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Мамлекет башчылары регионалдык кызматташуу маселелерин, ошондой эле Худжанд шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын Эл аралык Нооруз майрамын майрамдоонун алкагында боло турган үч тараптуу саммитин талкуулашты.
Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бул региондогу туруктуулукту жана кызматташтыкты бекемдөө жолундагы маанилүү кадам экенин айтты.
Лидерлер буга чейин жетишилген келишимдерди тез арада ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өнөктөштүктүн стратегиялык мүнөзүн баса белгилешти.