СӨМ: Tunduk тиркемесинде Калкты тейлөө борборлоруна онлайн-кезеке туруу кызматы иштей баштады

 СӨМ: Tunduk тиркемесинде Калкты тейлөө борборлоруна онлайн-кезеке туруу кызматы иштей баштады

Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жаңы кызмат- калкты тейлөө борборлоруна онлайн кезеке туруу кызматын ишке киргизгенин маалымдайт. Бул демилге жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

 

Эми “Тундук” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары республика боюнча бардык калкты тейлөө борборлоруна каалаган убакытка алдын ала онлайн жазыла алышат. Бул узун кезектердин алдын алып, убакытты үнөмдөйт.

 

Жаңы кызматтын негизги өзгөчөлүктөрү:

 

– Колдонуучуга ыңгайлуу интерфейс: Системанын интерфейси жөнөкөй жана баарына түшүнүктүү болуп, бир нече кадам менен кезекке турууну оңой жана тез кылат.

– Убакытты үнөмдөө: ыңгайлуу убакытты тандап, узак кезек күтүүнү жоет.

– Жеткиликтүүлүк: жашаган жерине карабастан кызмат бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

 

Бул жаңы кызмат мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө жана жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат.

 

Белгилей кетсек, жаңы электрондук кезек системасы КР СӨМгө караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан жана мобилдик тиркемеде жаңы функцияны ишке киргизүү КР СӨМгө караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекеме менен биргеликте ишке ашырылган.

 

КТБдагы электрондук онлайн кезеке туруу кызматы санариптештирүүгө жана жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга карай жасалган кадамдардын бири. Мамлекет жаңы ыңгайлуу сервистерди өнүктүрүү жана киргизүү боюнча иштерди улан

Связанный пост