СӨМ: Кагаз маалымкаттар жана иш кагаздары толугу менен жоюлат

 СӨМ: Кагаз маалымкаттар жана иш кагаздары толугу менен жоюлат

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде мамлекеттик органдар талап кылган маалымкаттарды жоюу маселеси боюнча ведомстволор аралык кеңешме өттү.

 

Ведомстводон билдиришкендей, талкуу учурунда министр Нурия Кутнаева кагаз түрүндөгү малымкаттарды жана иш кагаздарын толугу менен жоюу керектигин белгилеп, иштин электрондук форматына өтүү каалоосун билдирди. Ал демилгеленип жаткан өзгөртүүлөр жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын баса белгиледи.

 

Жыйындын катышуучулары ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мүмкүн болуучу финансылык чыгымдарды эске алуу менен бирдиктүү максатка жетүү үчүн зарыл чараларды жана биргелешкен аракеттерди талкуулашты. Министр бул процесс тез болбошу мүмкүн экенин, бирок аны аягына чыгаруу керектигин баса белгиледи.

 

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги соттолбогондугу тууралуу маалымкатты алууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча бир топ иштерди жүргүздү, мындан ары бардык министрликтердин жана ведомстволордун кадр бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кызматка алууда ал маалымкатты талап кылбайт. Алар бул маалыматты «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу электрондук форматта, эгерде маалыматтар жок болсо, ыйгарым укуктуу органдан сурай алышат.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында боюнча 2024-жылдын башынан тартып мамлекеттик органдардын арасында суралган маалымкаттардын саны кыскартылган. Статистика көрсөткөндөй, калкты тейлөө борборлорунда ар кандай түзүмдөрдүн талап кылуусу менен маалымкаттар үчүн кайрылгандардын саны азайгандыгы байкалат. Бул мамлекеттик органдардын электрондук форматта активдүү маалымат алмашуусун билдирет.

 

Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Социалдык фонддун, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын, Калкты каттоо департаментинин, “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.

Связанный пост