Ошто 5 млн сомдук жер тилкеси муктаж эмес жаранга мыйзамсыз берилген

 Ошто 5 млн сомдук жер тилкеси муктаж эмес жаранга мыйзамсыз берилген

Ошто муктаж жаранга жер тилкеси мыйзамсыз бөлүп берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракеттер Ош шаардык прокуратурасы тарабынан КР жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

 

Текшерүүдө Ош шаардык мэриясынын жана Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланганы аныкталган. Алар ортомчу жарандар менен алдын ала сүйлөшүп, Ош шаарынын Бекмуратов көчөсүндө жайгашкан 400 чарчы метр жер тилкесин кезектүүлүк тартибин бузуу менен муктаж болбогон М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз бөлүп беришкен.

 

Көрсөтүлгөн жер тилкеси тийиштүү документтер алынгандан кийин башка жарандарга сатып жиберилген, натыйжада мамлекетке 5 млн сомдук материалдык зыян келтирилген.

 

Аталган факты боюнча Ош шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Ош ШИИБине тапшырылды.

Связанный пост