СӨМ: 181-жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энелери “Туулгандыкты каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу” онлайн кызматын колдонушту

 СӨМ: 181-жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энелери “Туулгандыкты каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу” онлайн кызматын колдонушту

2022-жылдын ноябрь айынан баштап Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында “Туулгандыкты каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу” кызматы пилоттук режимде иштеп жатат. Ошондой эле бул кызматтын жардамы менен “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пулга кайрылуу калтырса болот. Кызмат Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда жеткиликтүү.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун 9 айында 181 жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ата-энелери балдарынын төрөлүшүн каттоо үчүн онлайн арыз толтуруп, жаңычылдыкты пайдаланышкан.

Арызды онлайн тапшыруу үчүн төмөнгүлөр керек:

1.Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында авторизациядан өтүү;

2.Арыздын  түрүн тандоо;

3.Арыз берүү учурунда арыз ээсинин иштеген жери, кызматы, жашаган дареги көрсөтүлөт.

4.Баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүңүз

5.Туулгандыкты каттоо жана күбөлүк алуу үчүн калкты тейлөө борборун тандоо;

6.“Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпул алууга арызга жана банкты белгилөө;

7.Даяр болгон туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн даректи көрсөтүү.

Жарандардын ынгайлуулугу үчүн “Балага сүйүнчүнү” алуу үчүн банк тандоо, документти алуу үчүн: калкты тейлөө борборун же үйгө жеткирип берүү кызматын тандоо сервиси каралаган.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк үчүн төлөмдүн квитанциясын онлайн тапшыруу процессинде алууга болот. Онлайн кызматтан пайдалануу үчүн калкты тейлөө борборлорунда жана Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрүндө бекер берилүүчү электрондук кол тамганын болушу гана жетиштүү.

 

Связанный пост