«Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында 774 фермер каржыланды

 «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында 774 фермер каржыланды
Дүйнөлүк банктын Миссиясынын алкагында “Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун Кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарына Долбоордун аткарылышы боюнча иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинен маалымдашты.
Сапардын жүрүшүндө ар бир региондо сүт өндүрүүчүлөрдүн карыз алуучу топторуна баруулар уюштурулду.
Бардык аймактарда фермерлер өздөрүнүн жетишкендиктери, айландыруу фондунун алкагында сатылып алынган уйлар көрсөтүлүп, алган билим жана көндүмдөрү тууралуу жыйынтыктары менен бөлүшүштү. Миссиянын алкагында Дүйнөлүк банк жана КР Финансы министрлигинин командалары жогорудагы аталган облусттардын КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушту.
Ошондой эле, Долбоордун Кыргыз Республикасындагы улуттук координатору болгон КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү, анда Долбоорду ишке ашыруу, мындан аркы пландар жана ишке ашыруунун азыркы абалы талкууланды.
Белгилей кетсек, 25-майга карата жалпы суммасы 1,16 млн АКШ долларына (100 620 000 сом) жалпы 774 фермер каржыланды.
Дүйнөлүк банктан Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн айыл чарба жана тамак-аш тармагындагы глобалдык практика департаментинин жетекчиси – Фрак Юнгблут, Дүйнөлүк банк тараптан долбоордун менеджери – Т.Сайед, Долбоордун тең жетекчиси – Т. Кошматова жана Антонио Рота болду.
КР Финансы министрлиги тарабынан КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков, мал чарба маселелери боюнча адиси Финансы министрлигинин Кредиттик линияларды башкаруу департаментинин жетекчиси Б. Мусакожоева жана жетекчи адистер болду.
Учурда каржылоонун экинчи агымын түзүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

Связанный пост