Сүйүнали Амракулов Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары болду
Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамына ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев оперативдик иштер боюнча жаңы дайындалган орун басар — Сүйүнали Мамарасулович Амракуловду тааныштырды.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, тааныштыруу учурунда министрдин орун басары Сүйүнали Амракуловдун кесипкөйлүгүн, жетекчилик сапаттарын жана жоопкерчилик деңгээлинин жогору экенин белгилеп, алдыдагы кызмат ишинде ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Сүйүнали Амракулов ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган.