Рысбай Исаковдун Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгын тастыктаган сертификатын Улуттук тарых музейине тапшыруу аземи өттү
Бүгүн, 2- декабрда КР эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаковдун дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов манасчы Рысбай Исаковду жараткан ийгилиги менен куттуктап, манасчыга бекем ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, министр Улуттук “Манас” театры ачылгандан бери театрдын уюштуруусу менен маданият тармагына тиешелүү бир топ жакшы иштер аткарылып жатканын баса белгилеп, аталган театрдын директору Азиз Биймырза уулуна жана театрдын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, буга чейин Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас” жумалына катышып, манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине 124 саат убакытка көркөм окуу боюнча катталган.
1- декабрь күнү манасчы Рысбай Исаковду президент Садыр Жапаров кабыл алып, Гиннестин рекорддор китебине расмий кириши менен кутуктаган.