Руслан Мукамбетов коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 8-бөлүгүнө, 71-беренесине ылайык Мукамбетов Руслан Мустафаевич коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Коргоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.