“Рух Ордо” борборунда “Ысык-Көлдүн жээгиндеги балет кечелери” өттү

15-16-августта “Рух Ордо” маданий борборунда “Ысык-Көлдүн жээгиндеги балет кечелери” өттү.

Маданий иш-чара биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

Максаты балетти жайылтуу жана аймактын туристтик потенциалын көрсөтүү болуп саналат.

Катышуучулар А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдынкы солисттери Даяна Кыдыралиева, Айдана Галиева, Айпери Турусбекова, Саади Иманкулов, Адилжан Рахманов, Адинай Эмилбекова, Бегимай Илязбекова, Фарух Садыркулов жана Марат Сыдыковдун аткарууларын көрүштү.

Ошондой эле ачык асман алдында Мариин театрынын артисттери Албина Сатыналиева жана Раманбек Бейшеналиев, ошондой эле Москва хореография академиясынын студенти Алихан Акматов өнөрлөрүн тартуулашты.

Эки театрдын артисттеринин өз ара сый-урматты символдоштурган коллабрациялык аткаруулары да тартууланды.

Связанный пост