Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Бишкек шаарындагы Ленинград блокадасынын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар койду
Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин расмий иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Ленинград блокадасынын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар койду.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Россия Федерациясы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Эльдар Сулайманов катышты.