Россиянын Кыргызстанга салган инвестициясы 75 пайызга өстү

 Россиянын Кыргызстанга салган инвестициясы 75 пайызга өстү

Россиянын Кыргызстанга салган инвестициясы 75 пайызга өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кыргыз-Россия ишкер клубунун биринчи жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык ЕАЭБ, КМШ, ШКУ келишимдеринин, эркин соода аймагы жөнүндөгү макулдашуулардын, ошондой эле Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ/ВТО) кирген учурдан тартып, аталган уюмдун эрежелерине ылайык дискриминациясыз негизде өнүгүп жатат.

“Россиянын Кыргызстанга салган инвестициялары өсүүдө, расмий маалыматтарга ылайык, акыркы мезгилде россиялык инвестициянын көлөмү 75 пайызга көбөйүп, 280 млн доллардын тегерегин түздү. Мында долбоорлор энергетика, тоо-кен өнөр жайы, өнөр жай, ошондой эле электрондук соода тармактарында ишке ашырылууда”, – деп баса белгиледи ал.

Министрдин орун басарынын айтымында, россиялык бизнес бүгүнкү күндө мамлекеттик жана жеке долбоорлорду ишке ашырууда ишенимдүү жана маанилүү өнөктөш болуп саналат.

Связанный пост