Россиянын аймагында Кыргызстандын 377 миң жараны бар

 Россиянын аймагында Кыргызстандын 377 миң жараны бар

Бүгүнкү күндө Россиянын аймында Кыргызстандын 377 миң жараны бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Россия аймагында Кыргызстандын жарандары менен түзүлгөн жалпы эмгек келишимдердин саны 600 миңден ашык.

“Жарандар менен келишимдердин ортосундагы айырмачылыктын себеби, бир жаранда эки же андан көп эмгек келишими болушу мүмкүн. Негизинен Россияда мыйзамдар катаалдашып, мигранттар үчүн жаңы талаптар кирүүдө. Өзгөчө визасыз жүргөн жарандарга көп жаңы шарттар киргизилди. Бүгүнкү күндө ошол шарттарды аткаруу талабы коюлган чет элдик жарандар көп болуп жатат. Чет элдик жарандардын ичинде кыргызстандыктар да бар экени белгилүү.

Россияда 100 миңдеген биздин жарандар жашап, иштеп жүрүшөт. Биздин жарандардын Россияда көп болгонунун биринчи себеби – визасыз режим. Экинчиден тилдик барьер жок, кыргызстандыктар орус тилинде жакшы сүйлөшөт. Үчүнчүдөн ЕАЭБ алкагында биздин жарандар үчүн өзүнчө артыкчылыктар бар. Ошонун баарын колдонуп жарандарыбыз Россиянын аймагында көп жашап, иштешет”,- деди Бөкөнтаев.

Ошондой эле элчи жыл башынан бери Россияда бир канча жаңы мыйзамдар күчүнө киргендигин маалымдады.

“Жаңы мыйзамдар боюнча өзгөргөн шарттар боюнча айтсак, мурда бир жылдын ичинде мигрант Россия аймагында 180 күн болушу мүмкүн эле, эми ал 90 күнгө кыскартылды. Мурда депортация чечими сот аркылуу кабыл алынса, бүгүнкү күнү полиция өзү кабыл алат. Андан тышкары, балдардын окуусунда орус тили боюнча тестирлөө ишке ашты. Мисалы, мигранттардын балдары мектепке бара турган болсо, тест тапшыруусу керек. Жарандарды көзөмөлдөөчү реестр ишке кирди. Мигранттын мыйзам бузуу фактылары аныкталса реестрге киргизилип, банктык операциялардан тартып башка ар кандай чектөөлөр болот”,- деди элчи.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост