Россиялык альпинист куткарылды

 Россиялык альпинист куткарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен россиялык альпинисттин өмүрү сакталып калды.

12-январь күнү ӨКМге туристтик компаниялардын биринен чалуу түшүп, анда Ак-Сай капчыгайындагы “Хижина Рацека” жайында россиялык Е.Ефремова аттуу альпинист бутунан жаракат алганын билдирген.

Жерине ӨКМдин Авиациялык издеп-куткаруу кызматынын тик учагы саат 13:30 учуп, аба-ырайынын катаал шартына карабастан, катуу шамалда “Рацека” мөңгөсүнөн ары 3800 м бийиктикке конуп, жабырлануучуну куткарылган.

Турист тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда абалы канааттандырарлык.

Связанный пост